Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы үрөй учурган кырсыктан скутерчи каза болду

Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт трассасынын Ивановка айылындагы бөлүгүндө жол кырсыгы катталып, скутердин айдоочусу каза тапты. Бул тууралуу ЖКККББ билдирди.
Бишкек — Нарын — Торугарт трассасынын Ивановка айылындагы бөлүгүндө жол кырсыгы катталып, скутердин айдоочусу каза тапты
Маалыматка караганда, 7-июль күнү чыгышты көздөй бара жаткан Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаанын 25 жаштагы Ш.А.Ю. аттуу айдоочусу менен катуу ылдамдыкта келе жаткан скутер бетме-бет кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 36 жаштагы К.И.Ю. аттуу скутерчи каза болгон. Анын колу-буту жулунуп кеткени айтылды.
Ал эми жеңил унаанын 52 жаштагы жүргүнчүсү ооруканага жеткирилген.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Бишкекте КамАЗ тебелеп кеткен 8 жашар кыз каза болуп калды