БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Кыргызстанда "Түндүк" ачык акционердик коому түзүлдү. Тиешелүү токтомду министрлер кабинети кабыл алды.
Аталган ишкананын уставдык капиталы 500 миллион сомду түзүп, анын акциялары толугу менен мамлекетке тиешелүү болот. Муну менен бирге Санариптик өнүктүрүү, Билим берүү, Эмгек, Саламаттык сактоо министрликтерине жана Жогорку сотко караштуу санариптештирүү жаатындагы борборлор жоюлуп, милдеттери "Түндүк" ишканасына өтөт.
Аталган ишкана УКМК, укук коргоо органдары, Бишкек мэриясы, Финансы министрлигинен башка мекемелердин ишин бириктирип, мамлекеттик жана муниципалдык органдар үчүн маалыматтык системаларды иштеп чыгуу, жаңыртуу жана техникалык коштоо кызматтарын көрсөтөт.
Мындан тышкары, Финансы министрлиги 2025-2026-жылдары "Түндүк" үчүн 500 миллион сом бөлөт, анын 200 миллион сому 2025-жылы, 300 миллион сому 2026-жылы каралат.