100 миң сом опузалаган. Милиция пара берүүгө шектелген блогерди кармады. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Бишкекте акча опузалоого жана пара берүүгө шектелген блогер кармалды.
Милициянын айтымында, жигит тез татым жайынан санитардык нормалардын бузулушун аныктап, аны коомчулукка чыгарбаш үчүн жайдын ээсинен 100 миң сом талап кылган.
25 жаштагы К.А. аттуу блогер милицияга жеткирилгенден кийин кайра тартип сакчыларына 100 миң сом сунуштаган.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Күйөөсүнүн колунан өлгөн келинди мазактаган блогер бир айга камалды