БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Өлкөдөгү кунарсыз жайыттар 20 жылга чейин ижарага берилет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ижара акысы жер салыгынын көлөмүндө белгиленип, алган адам жайыттын түшүмдүүлүгүн жогорулатууга милдеттүү болот.
"Кунарсыз жайыттарды жарандар жана юридикалык жактар айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү максатында пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул үчүн жаран же мекеме өзүнүн жашаган аймагындагы мамлекеттик администрацияга кайрылып, жер тилкесинин категориясын, аянтын жана техникалык-экономикалык негиздемени камтыган арыз тапшырышы керек. Документтер андан ары райондук комиссияга жөнөтүлүп, тиешелүү талдоо жүргүзүлөт. Комиссиянын оң чечими чыккан учурда жер тилке айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондуна өткөрүлүп, 20 жылдык мөөнөткө пайдаланууга берилет", — деп айтылат маалыматта.
Бул механизм пайдаланылбай жаткан жерлерди кайра иштетүүгө өбөлгө түзөрү кошумчаланган.