Кыргызстанда алгачкы ретроавтомобилдер музейи пайда болот

Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Кыргызстанда алгачкы ретроавтомобилдер музейи пайда болот. Бул тууралуу министрлер кабинетинин токтомунда айтылган.
Анда мурдагы Батыш автобекетинин имараты музейге айланары, аны "Инвест Кей Джи Холдинг" компаниясы жасай турганы айтылган.
Токтомго ылайык, компания Бишкектеги 34 гектар жерди: Ростов көчөсү, 19 Б дарегиндеги 1,7 гектар, Ала-Арча, 74а көчөсүндөгү 2,93 гектар, Чымкент, 1 көчөсүндөгү (мурдагы Батыш автовокзалы) 2,2 гектар, "Жаштар" жана "Октябрдын 40 жылдыгы" сейил бактарынын жанындагы 27 гектар жерди 49 жылга ижарага алат.
Ишкана бул жерлерге көп кабаттуу үйлөрдү, коомдук жайларды жана сейил бактарды курат. Ошондой эле "Тазалык" ишканасына 2 жаңы база жана административдик имарат салып бериши керек болот. Долбоор 10 жылдын ичинде ишке ашырылат.
Курулган турак жайдын 10 пайызы же анын акчасы Бишкек мэриясына өткөрүп берилиши шарт.
Бишкекте Чолпонбай Түлөбердиев атындагы паркта музей ачылды