РФ соода өкүлү Индия менен ЕАЭБдин эркин соода аймагы тууралуу айтып берди

Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Индия менен Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) ортосундагы эркин соода аймагы жөнүндө макулдашууга кол коюу боюнча сүйлөшүүлөр активдүү фазада турат. Бул тууралуу РФтин Индиядагы соода өкүлү Андрей Соболев "Иннопром" көргөзмөсүнүн алкагында РИА Новостиге билдирди.
Анын айтымында, Россия келишимге тез арада кол коюлат деген үмүттө.
"Иш жүрүп жатат, күтсө болот (келишимдин түзүлүшүн — ред.). Индиянын, Россиянын жана ЕАЭБге мүчө бардык өлкөлөрдүн күч-аракеттери ушуга жумшалган. Бул маанилүү максат экенин баары түшүнүп турат. Алдыга жылуу үчүн ар кандай ыкмалар бар... Мен бир гана өз ара кызыкчылык бар экенине жана иш кызуу жүрүп жатканына кепилдик бере алам. Жакынкы келечекте кол коюлат деп үмүттөнөбүз, — деди ал.
"Иннопром" эл аралык өнөр жай көргөзмөсү Екатеринбургда 7-июлдан 10-июлга чейин өтөт.
ЕЭК министри: ЕАЭБде айыл чарба тармагы санариптештирилүүдө