Чолпон-Ата 2025-2026-жылдарда ШКУнун туристтик жана маданий борбору болот

Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Чолпон-Ата шаары 2025-2026-жылдарда ШКУнун туристтик жана маданий борбору болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Кабарга ылайык, кечээ Кытайда өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин 22-жыйынында маданият жана искусство жаатында кызматташуу талкууланган.
"Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча ШКУга мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин 22-жыйынынын протоколуна кол коюлуп, Чолпон-Ата шаарына "ШКУнун туристтик жана маданий борбору – 2025-2026" макамын ыйгаруу чечимин кабыл алуу макулдашылды", — деп айтылды маалыматта.
Жыйынга кыргыз тараптан маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков катышканы кошумчаланды.
Иманкулов: ШКУ өнүгүүгө биргелешип умтулуунун үлгүсүн көрсөтүүдө