"Евразиянын жүрөгүнө саякат" экспедициясынын алкагында Өчпөс отко гүл коюлду

Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. "Евразиянын жүрөгүнө саякат" экспедициясынын катышуучулары Өчпөс отко гүл коюшту. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Иш-чарага мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, экспедицияны уюштуруу комитетинин мүчөлөрү, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнөн келген эксперттер, окумуштуулар, журналисттер жана коомдук ишмерлер катышты.
1 / 3

"Евразиянын жүрөгүнө саякат" экспедициясынын катышуучулары Өчпөс отко гүл коюшту.

2 / 3

Иш-чарага мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, экспедицияны уюштуруу комитетинин мүчөлөрү, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнөн келген эксперттер, окумуштуулар, журналисттер жана коомдук ишмерлер катышты.

3 / 3

Алар кыргыз элинин тарыхты сактоого кошкон салымын белгилеп, Евразия мейкиндигиндеги гуманитардык кызматташтыкты бекемдөөдө мындай демилгелердин маанилүү экенин айтышты.

Алар кыргыз элинин тарыхты сактоого кошкон салымын белгилеп, Евразия мейкиндигиндеги гуманитардык кызматташтыкты бекемдөөдө мындай демилгелердин маанилүү экенин айтышты.
Эске салсак, Москвадан башталган бул эл аралык экспедиция Россия, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын 30дан ашык шаарына багытталган. Кыргызстандагы бөлүгү Каракол шаарында өткөн маданий иш-чаралар жана Аялдар диалогу форуму менен башталып, учурда Бишкекте бизнес жана гуманитардык жолугушуулар менен уланууда.
"Манас" — көпүрө. "Евразия" уюмунун долбоорунун алкагында эксперттик отурум өттү