БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Соцтармак колдонуучулары "Ала-Тоо" аянтына орнотула турган Манастын эстелиги алып келинген видеолор менен бөлүшүүдө.
Эстелик түндө аянтка жүктөлүп келген, азырынча орнотуу иштери баштала элек. Видеодон эстеликтин мурдагыдан кыйла чоң экенин көрүүгө болот.
Эске салсак, борбордук аянттагы Манастын айкели турган жердин асты чирип, урайын деп калгандыктан демонтаждалып, толугу менен оңдолору айтылган. Мындан улам 2011-жылдан бери турган эстелик алынган эле.