Таланты бааланбай, унутта калып бараткан таланттуу актёр Бекин Сейдакматов

Sputnik
Бекин (Бекбосун) Сейдакматов абдан таланттуу актёр болгон. Ал белгилүү актриса Жамал Сейдакматованын бир тууган иниси. Бекин Сейдакматов башкы ролду жараткан «Он үчүнчү небере» фильми Бекин Сейдакматовдун артында калган эстелиги болду. Аны убагында Ричард IIIнү ойнойт деген кептер чыгып, бирок роль да ага буюрбай калган.
Сейдакматовдун талантына карабай, ошол кездеги театр жетекчилеринин кийлигишүүсү менен көп бут тосуулар болгонун, атургай театрдан чыгарылганын “Туяк” программасынын мейманы Жаныш Кулманбетов белгиледи. Көзү жетип, таланты ташкындап турса да оюндагыдай роль берилбегени Сейдакматовду депрессияга кептеген.