Кыргызстанда мектептик билим берүү системасын кеңири санариптештирүү иштери уланууда. Учурда 2000-жылдан бери берилген аттестаттардын архивин санариптештирүү иштери активдүү жүрүп жатат. Өткөн жылдан тартып бүтүрүүчүлөрдүн маалыматтары мектептер тарабынан "Күбөлүк" электрондук системасына түз киргизилип жатат. Мейманыбыз Амангелди Сыдыбаев расмий документтерди алуу, колдонуу жана жоготкон учурда ордун толуктоо жана санариптештирүү жаатында жасалып жаткан иштер тууралуу кенен айтып берди.