Ысык-Көлдө өткөн ЖККУга мүчө мамлекеттердин ТИМ башчыларынын жыйыны өттү. Анда эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелери талкууланды. Жолугушууга Беларустун, Казакстандын, Россиянын, Тажикстандын тышкы иштер министрлери жана ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов катышты. Министрлер ЖККУга мүчө мамлекеттердин радикалдашууга каршы туруу, маалыматтык коопсуздук боюнча билдирүүлөрүнө кол коюшту. Анын ичинде БУУнун аймактык борбору жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаал да камтылган. Көтөрүлгөн маселелер тууралуу КРдин атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, саясат таануу илимдеринин доктору, профессор Аликбек Жекшенкулов кеп кылды.