Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда сел жүрүшү ыктымал

Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, мындай аба ырайы 8-11-июлда болот.
ӨКМ бул күндөрү тоолуу аймактарда, жаратылышта эс алуудан баш тартып, дарыя жээктеринен алыс болууга чакырды.
Жаан жаайт. Бир жумага карата аба ырайы