ТИМ башчысы түркмөн кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөштү. Эмне талкууланды

Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Кыргызстандын ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев түркмөнстандык кесиптеши Рашид Мередов менен телефондон баарлашты. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди
Тараптар аймактык жана эл аралык өз ара кызыкчылык жараткан темалар боюнча пикир алышкан.
Ошондой эле 5-8-августта Аваза шаарында өтө турган деңизге чыкчу жолу жок, эми өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн (LLDC) III конференциясына даярдык көрүү талкууланды. Кыргызстан делегациясынын катышуусу да күн тартибинде болду. Министрлер бул эл аралык иш-чаранын ийгиликтүү өтүшүнүн маанисин белгиледи. Ал LLDC тобуна кирген өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын илгерилетүүдө, аймактык кызматташууну бекемдөөдө жана туруктуу өнүгүүгө өбөлгө түзүүдө маанилүү экенин айтышты.
Сүйлөшүүнүн соңунда министрлер кыргыз-түркмөн кызматташтыгын мындан ары да эки тараптуу деңгээлде жана эл аралык уюмдардын алкагында тереңдетүүгө даяр экенин тастыкташты.
Чолпон-Атада ЖККУнун тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу кандай өттү. Видео