Россиянын мурдагы транспорт министри өзүн-өзү атканы айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Россиянын мурдагы транспорт министри Роман Старовойт өзүн-өзү атканы тууралуу Ыкчам кызматтар билдиргенин РИА Новости жазды.
Окуя Одинцово аймагында болгон.
Россия президенти Владимир Путин Старовойтту ишинен бошотуу тууралуу жарлыкка кол койгон. Ал аталган министрликти былтыркы жылдын май айынан бери башкарып келген.
Экс-министрдин сөөгүн автоунаасынан табышкан.
Курск облусундагы аскердик-инженердик курулуштарга бөлүнгөн каражатты уурдоо иши боюнча Старовойтко каршы көрсөтмөнү аталган аймактын мурдагы губернатору Алексей Смирнов бергени кабарланды.
Кара-Балта шаарынын мэри Мирлан Жекшенов кармалды