БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Ишине ЛГБТларды тартып, жаштарды бузукулукка багыттаган түнкү клубдар аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, атайын кызмат 5-июлда бир катар эс алуучу жайларды текшерген.
"Катс" жана "Комбинат Плюр" түнкү клубдары ишмердүүлүгүнө ЛГБТ коомчулугун тартып, баңгизаттарды колдонуу аркылуу жаштарды бузукулукка багыттагандыгы аныкталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө психотроптук дары-дармектер табылды. Мындан улам аталган түнкү клубдар толугу менен жабылып, мөөр басылды. Ал эми "Нокс" клубунун дааратканасынан ак порошок салынган пакеттер табылды", — деп айтылат маалыматта.
Атайын кызмат сойкулук үчүн шарттарды түзүү "сойкуканаларды" уюштурууга барабар экенин белгилеп, бул үчүн кылмыш жоопкерчилиги бар экенин эскертти.