БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун бир бөлүгү бүгүндөн тарта 25-июлга чейин маал-маалы менен жабылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинен билдиришти.
Жолдун 94-чакырымынан 104-чакырымына чейинки бөлүгү (Кемин району) түздөлөт. Буга байланыштуу анын бир тилкеси дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин жабык болот.
Трасса жума күнү түштөн кийин жана ишемби, жекшемби күндөрү ачык болот.