Ысык-Көлдө 51 өлкөнүн өнөрпоздорун чогулткан "Рух Санат" фестивалы өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. 1-3-августта Ысык-Көлдө өтө турган "Рух Санат" фестивалына дүйнөнүн 51 өлкөсүнөн өнөрпоздор келет. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага салттуу музыка аткаруучулары, илимпоздор, продюсерлер жана башка өнөр ээлери болуп жалпы 133 талант катышарын ырастады.
Эл аралык фестиваль үч негизги багытты камтыйт:
аткаруучулар сынагы;
илимий-практикалык конгресс;
"Маркет" — маданий тажрыйбалардын жана идеялардын жарманкеси.
"Аталган фестиваль биринчи ирет өткөрүлүүдө. Ал салттуу музыка аркылуу дүйнө элдеринин мурасын чагылдырган ири эл аралык маданий иш-чара болот деген үмүт бар", — деп айтылган маалыматта.
Фестиваль министрлер кабинети, Маданият, маалымат, жаштар саясаты министрлиги, Улуттук илимдер академиясынын Салттуу маданият жана искусство борбору, Түрк маданий мурастар фонду жана "Манас" театры тарабынан уюштурулуп жатканы кошумчаланды.
Пресс-борбор
Орус тили КМШ өлкөлөрүн бириктирет. Россиялык саякатчылар миссиясын айтып беришти