Өлкөгө электрондук чылым ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Өлкөгө 1-июлдан тартып жарым жылга электрондук тамеки ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды. Токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Чечим элдин ден соолугун тамекинин, никотиндин кесепеттеринен жана аэрозолдордун таасиринен коргоо максатында кабыл алынганы айтылган.
Тыюу никотин жеткирүүчү системалар, картридж, резервуар жана контейнерлерге жайылтылары кошумчаланды.
40 миң адамды сактаса болот. Тамекинин салыгын жыл сайын 25%га көтөрүү сунушталды