БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. ЕАЭБде айыл чарба тармагын санарипке өткөрүү негизги багыт болууда. Бул тууралуу ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян билдирди.
Анын айтымында, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин айыл чарба тармагы кыйла өзөргөнү турат.
"Агрардык рынокту санариптештирүү — өндүрүштү жакшыртуу куралы. Бул багытта ЕЭК менен мүчө мамлекеттер биргелешип иштеп жатышат", — деди Барсегян.
Белгилей кетчү жагдай, өткөн аптада Россияда өсүмдүк өстүрүүнү жакшыртуу боюнча иш-чара өтүп, анда айыл чарбада дрондорду колдонуу, санариптик мониторинг жүргүзүү жана роботтоштуруу иштери талкууланган.