БРИКС өлкөлөрүнүн башчылары аскердик чыгымдын арбыганына түйшөлүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. БРИКС өлкөлөрүнүн башчылары Бразилияда өткөн уюмдун XVII саммитинин жыйынтыгында дүйнөдө аскердик чыгымдарга акча көп кетип жатканына түйшөлгөндүгүн билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Биз дүйнөнүн көптөгөн аймактарындагы жаңжалдарга, бөлүнүү жана карама-каршылыктардын күчөшүнө тынчсызданып жатабыз. Бул өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жетиштүү деңгээлде акчалай жардам көрсөтүүгө зыянын тийгизип, дүйнөлүк аскердик чыгымдардын кескин өсүшүнө алып келди", — деп айтылат алар кабыл алган жыйынтык документте.
Блокко кирген мамлекеттер жыйында глобалдык маселелер боюнча улуттук көз караштан туруп караган позицияларга урмат менен мамиле кылган көп тараптуу ыкманы колдоду. Алар туруктуу өнүгүү, ачарчылыкты жана жакырлыкты жоюу, климаттын өзгөрүшүнө глобалдык жооп кайтаруу жаатында болмокчу.
Бул мамлекеттер ошону менен катар эле эл аралык коомчулукту кооптуулуктарга каршы биргелешип чара көрүүгө, саясий-дипломатиялык ыкмаларды колдонууга жана жаңжалдардын негизги себептерин жоюуга чакырышты.
"Каатчылыктарды алдын алуу, алардын күчөшүн токтотуу үчүн ортомчулук жана алдын алуучу дипломатия — БУУнун уставындагы максаттарга, принциптерге шайкеш келген эң негизги курал экенин айтып жана баса белгилейбиз", — деп жазылган анда.
Трамп БРИКС саясатын колдогондорго бажы алымын киргизүү ниетинде