Бишкекте үч кыздын сабалышы боюнча Жан Воиновдун эки жан сакчысы кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Бишкекте үч кыздын сабалышына байланыштуу бийчи Жан Воиновдун эки жан сакчысы кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү бийчинин 25 жана 44 жаштагы жан сакчыларына "Бейбаштык" беренеси менен иш козгогон.
Мейманканадагы үч кызды ур-токмокко алуу окуясы боюнча кармалган Воиновдун өзү 1-августка чейин камакка алынган. Ал 5 жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн.
Окуя 30-июнда Киев көчөсүндөгү мейманканалардын биринде болгон. Социалдык тармактарга жарыяланган видеодон эркек киши үч кызды бассейнге түртүп жибергенин көрүүгө болот. Милиция "Каракчылык" жана "Бейбаштык" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Анын алкагында буга чейин 31 жаштагы А.Р. аттуу жаран кармалып, бир айга тергөө абагына киргизилген болчу.
Ысык-Атада 22 жаштагы кызды мыкаачылык менен өлтүргөн адам 14 жылга кесилди