Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШнын Украинага көрсөткөн жардамынын көлөмү айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. АКШ бүгүнкүгө чейин Украинага 123,3 миллиард долларлык колдоо көрсөткөн. Бул тууралуу РИА Новости Германиядагы Киль дүйнөлүк экономика институтунун маалыматтарына таянуу менен эсептеп чыккан.
Институттун маалыматы боюнча, 2025-жылдын апрелине карата АКШ Украинага 123,3 миллиард доллар өлчөмүндө жардамдын түрүн берген. Бул көлөмдүн басымдуу бөлүгү, 69,5 миллиард доллар, аскердик колдоо болуп саналат. Андан кийин 50,1 миллиард акчалай берилсе, 3,7 миллиард долларга гуманитардык жардам көрсөтүлгөн.
Анткен менен ачык маалыматтардан Вашингтон майдан июлга чейин Киевге эч кандай колдоо көрсөтпөгөнүн көрүүгө болот.
АКШнын Украинага курал-жарак жөнөтүүнү токтото турганы февралда айтылып, кийин кайра жанданган. Андан кийин дагы бир ирет токтотулары маалымдалып, сүйлөшүүлөрдөн кийин кайра жөнөтүлө баштаган болчу.
Бирок июлдун башында Politico гезити америкалык запастын аякташынан улам АКШдан Украинага ок-дары менен курал-жарак жөнөтүлбөй калганын жазган. Ак үйдүн өкүлү Анна Келли NBC телеканалына колдоо токтогонун тастыктап, чечим Американын кызыкчылыгын көздөө үчүн кабыл алынганын билдирген.
Конгрессмендер Киевге аскердик жардам берүүнү токтоткон Пентагонду сындады