Ооздон-оозго өтүп сакталып келген “Манас” эпосу өз ичине кыргыздын өтмүшүн, философиясын камтып, кыргыз дүйнөсүн алып жүрөт. Эпосту сактоо жайылтуу менен мурда манасчылар алектенсе, азыр заман талабына ылайык, атайын адисттер, мугалимдер да алектенип калды. “Стимул” программасынын бул чыгарылышында “Манас таануу” сабагы боюнча мектепте ийримдин жетекчиси Асел Замирбек Кызы конок болуп, ийрим туралуу айтып берди.