2025-жылдын беш айында өлкөдө кибер кылмыштуулук боюнча 550дөй кылмыш катталып, адамдар 15-20 млн сом алдатышты. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу өсүп, жаңы түрлөрү пайда болууда. Кылмыштардын 50 пайызга жакыны ачылды. Бүгүнкү күндө укук коргоо органдарынын атынан жарандарга чалып, алардын патриоттук сезимдерин пайдаланып алдагандар көп болууда.
Мындан тышкары социалдык баракчалар, тиркемелер аркылуу катталып жатат. Шылуундардын көбү чет мамлекеттеги жарандар болгондуктан аларды аныктоо кыйын. Кибер кылмыштуулук боюнча Россия, Беларусь, Казакстан өлкөлөрү менен кызматташып, алар менен бул тармакта тажрыйба алмашуу, окутуудан өтүү болуп турат.
Бул тууралуу "Ачык кеп" программасында ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам өкүлү, милициянын майору Нурсултан Ормонбеков маалымдады.