Чолпон-Атада Эл аралык Ысык-Көл шайлоо форуму отту. Ага Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Беларусь жана башка бир катар өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын башчылары жана өкүлдөрү катышты. Шайлоо процессинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, жарандардын шайлоого болгон ишенимин жогорулатуу, шайлоочулардын шайлоо укуктарын ишке ашырууда ыңгайлуу шарттарды түзүү жана учурдагы шайлоо тутумундагы кемчиликтерди жоюу каралды. Суроолорго Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева жооп берди.