Бишкекте Жибек Жолу проспектинин бир бөлүгү жасалып бүтүп, ачылды

Sputnik
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Бишкекте Жибек Жолу проспектинин Курманжан датка көчөсүнөн Лермонтовго чейинки бөлүгү оңдолуп бүтүп ачылганын мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, трассага жаңы асфальт төшөлүп, жолдун эки тарабына жаңы бордюрлар орнотулуп, ирригациялык система иретке келтирилген. Жол белгилер чийилип жаңыртылган.
Мэрия учурда жолдун эки капталында тротуар куруу иштери уланып жатканын, жол салууга тоскоол болгон бардык объектилер алып салынганын кошумчалады.
Эске салсак, аталган бөлүктө оңдоо иштери 5-апрелде башталган.
Мэрия Бишкектеги 8 көчө качан оңдолуп бүтөрүн айтты