БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте эгер Кытайдын лидери Тайванга кол салууну чечсе, Россия менен Кытайдын аскердик кызматташуу планы кандай болору тууралуу New York Times басылмасына айтып бергенин РИА Новости жазды.
Ал эгер бул нерсе ишке ашса Си Цзиньпин биринчи эле Путинге телефон чалып, андан НАТОнун аймагына кол салып АКШ менен Европаны алаксытып турууну суранарын божомолдогон.
Ал буга жол бербеш үчүн НАТОнун позициясын чыңдоо менен бирге Индия-Тынч океан багытында иш жүргүзүү керектигин белгилеген.
Буга чейин Путин Россияга НАТОго кол салуу зарыл эмес экенин, Батыш саясатчыларынын бул маселе боюнча шылтоолору калкты коркутуу үчүн гана керектигин билдирген. РФ лидери Россиянын Кытай менен кызматташтыгы эч кимге каршы багытталбаганын да белгилеген.