Маск America Party аттуу саясий партия түзгөнүн жар салды

Sputnik
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Миллиардер Илон Маск АКШнын президенти Дональд Трамп менен болгон чырдан кийин America Party аттуу саясий партия түзөрүн жарыялады. Бул тууралуу ал 4-июлда АКШнын эгемендүүлүк күнүндө соцтармакка жазган.
"Өлкөбүз ысырапкорчулук жана паракорчулуктан банкрот болгондо биз демократияда эмес, бир партиялуу системада жашап жатабыз. Силерге эркиндикти алып келүү үчүн бүгүн The America Party түзүлдү", — деген Маск.
Июнь айынын аягында Маск кайрадан АКШда жаңы саясий партия түзүү демилгесин көтөрүп, Трамптын федералдык чыгымдарды кыскартууну жана салыктык жеңилдиктерди берүүнү караган мыйзам долбоорун сынга алган.
Ишкер документти "жийиркеничтүү" деп сыпаттап, "мыйзам долбоорун жок кылууга" чакырган. Трамп Масктан көңүлү калып турганын, "анткени миллиардер үчүн көп нерсе жасаганын" билдирсе, Маск Трамп ишкердин колдоосу менен гана президент болуп шайланып, республикачылар Конгресстин эки палатасында тең үстөмдүк кылып жатканын эске салган.
Трамп өлкө казынасын Конгресстин уруксатысыз пайдаланууга жол ачкан мыйзамга кол койду