1-сентябрдан тарта бардык мугалимдер электрондук журнал пайдаланышат

Sputnik
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. 1-сентябрдан тарта бардык мугалимдер электрондук журнал пайдаланышат. Бул тууралуу билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен өткөргөн онлайн-кеңешмеде билдирген.
Ал мурда мугалимдер толтуруп келген класстык журнал жокко чыгарылганын айтып, 2025-2026-окуу жылында мугалимдер "Күндөлүк" автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу электрондук журналды гана толтурушарын белгилеген.
Эске салсак, быйылкы окуу жылынан тарта мектептерде 12 жылдык окуу башталмакчы.
Бир жылда бир эле класс секирет. 12 жылдык окуудагы соңку өзгөрүүлөр айтылды