Бишкекте психотроптук заттарды ири көлөмдө чет өлкөдөн ташып жүргөн канал аныкталды

Sputnik
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Бишкекте психотроптук каражаттарды ири көлөмдө чет өлкөдөн ташып жүргөн канал аныкталганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, психотроптук заттар өлкөгө эл аралык почта аркылуу жеткирилип турган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Баңгизат, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз өндүрүү" боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө Бишкектеги почта бөлүмдөрүнүн биринен 34 жаштагы Т.Д. аттуу аял кармалып, жанынан күчтүү таасир берүүчү, чет өлкөдөн алып келинген таблетка табылган.
Анын жашаган жерин тинтүү учурунда 20 психотроптук таблетка, укуктук статусу такталып жаткан башка дары-дармектер табылган.
ИИМ бул Кыргызстандын аймагында тыюу салынган заттардын тизмесине киргизилген препараттар экенин белгиледи.
Учурда соттук-химиялык экспертизалар дайындалып, бул каналга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланып жатканы кошумчаланды.
175 кг героин алынган. УКМК эл аралык баңгиканалдын ишине бөгөт койду