БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Салык кызматы кайсы учурда банктар Кыргызстандын жарандары боюнча маалымат берерин түшүндүрдү.
Буга чейин соцтармакта банктар маалыматтарды салык органдарына берип жатканы тууралуу билдирүүлөр тараган.
Мамлекеттик кызмат салык мыйзамдарында банктардын салык органдарына маалымат берүү милдети каралганын белгиледи.
Кайсы учурда банктар Кыргызстандын жарандары боюнча маалымат берет:
компаниялардын жана ишкерлердин эсептери жана операциялары жөнүндө маалымат салык боюнча текшерүү учурунда гана суралат;
ишкердик менен алектенбеген жарандардын эсептери боюнча маалымат жөн эле суралбайт. Мындай маалыматтар соттук актынын чечиминин негизинде гана алынат;
банктар салык төлөөдөн качкандар менен күрөшүү үчүн электрондук акча, QR-код, POS-терминалдар жана электрондук капчыктар аркылуу төлөмдөр боюнча маалыматтарды беришүүдө;
салык органдары жарандардын жеке операциялары ишкердик менен байланыштуу болбосо, аларга көзөмөл жүргүзбөйт.
Ведомство маалыматтарды алуу жана пайдалануу боюнча бардык процедуралар мыйзамда каралган учурларда гана жүргүзүлөрүн эскертти.