БИШКЕК,5-июл. — Sputnik. Бийчи Жан Воинов №1 тергөө абагына бир айга, тагыраагы, 1-августка чейин камакка алынды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту бүгүн кабыл алганы маалым болду.
Бийчи жигит "Бейбаштык" беренеси менен айыпталууда, ал беш жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн.
Эске салсак, Воинов мейманканадагы үч кызды ур-токмокко алуу окуясы боюнча кармалган. Окуя 30-июнда Киев көчөсүндөгү мейманканалардын биринде болгон. Социалдык тармактарга жарыяланган видеодон эркек киши үч кызды бассейнге түртүп жибергенин көрүүгө болот. Милиция "Каракчылык" жана "Бейбаштык" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Анын алкагында буга чейин 31 жаштагы А.Р. аттуу жаран кармалып, бир айга тергөө абагына киргизилген болчу.