БИШКЕК,5-июл. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Россиянын бийлиги киргизилген санкцияларга жакшы туруштук берип жатканын моюндап, Владимир Путинди профессионал деп атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
“Санкцияларга туруштук берүү колунан келди (Путиндин - ред.)... Ооба, биз санкциялар жөнүндө көп сүйлөштүк, албетте, бул Путинге жаккан жок. Бирок чектөөлөр дагы болушу мүмкүн экенин түшүнүп жатат, ал — профессионал", — деген Трамп журналисттерге маек берип жатып.
Ак үйдүн башчысы сөзүнүн аягында Иранга караганда Россияга катаалыраак мамиле кыларын белгиледи.
Трамп ошондой эле Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу маселесине да токтолгон.
“Украинадагы абал — Байдендин (АКШнын экс-президенти Жо Байден – ред.) кылганы. Мен болгону аны жөнгө салууга аракет кылып жатам. Көрөбүз. Билбейм, эч нерсе деп айта албайм. Бирок жаңжалдын токтошун каалайм”, — деген АКШ жетекчиси.