Жапаров: орус тили бизге муктаж эмес, биз орус тилине муктажбыз

Sputnik
БИШКЕК,5-июл. — Sputnik. Орус тили бизге муктаж эмес, биз орус тилине муктажбыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.
Өлкө башчы Россиянын лидери Владимир Путиндин Кыргызстандагы орус тилинин азыркы макамына байланыштуу ыраазычылык билдиргенине токтолду.

"Орус тили бизде расмий тил деп Баш мыйзамыбызда белгиленген. Орус тилин биз колдоп келе жатканыбыз үчүн Владимир Владимирович ыраазычылыгын айтты. Негизи орус тили бизге муктаж эмес, биз орус тилине муктажбыз", — деди президент.

Ал орус тили дүйнөлүк алты тилдин бири экенин, бул тилсиз Кыргызстан алыс чыга албастыгын айтты.
"КМШ өлкөлөрүн айтпай эле коеюн, кошуна эле мамлекеттерди алалы. Өзбекстан менен Тажикстанга барсаң орус тилсиз сүйлөшө албайсың. Ошол эле Европа, Америка, Кытай өлкөлөрүнө барсаң орус котормочуларды колдонушат. Орус тилинин макамын өзгөртөлү деген саясатчылардын сунушу туура эмес. Албетте, биринчи кезекте өзүбүздүн тилибизди өнүктүрүшүбүз керек. Бирок орус, англис тилин да билишибиз зарыл", — деди Жапаров.
Жапаров Москвага шайлоо тууралуу сүйлөшүү үчүн барды деген кепти четке какты
Теги: макам
Инжект: https://sputnik.kg/20250705/kyrgyzstan-rossiya-sadyr-zhaparov-shayloo-maek-.html