БИШКЕК, 5-июл. —Sputnik. Бүгүн, 5-июлдан тартып, Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда жол эрежесин бузгандарды каттаган камералар иштей баштады. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматта камералар "Коопсуз өлкө" долбоорунун алкагында орнотулгандыгы айтылат. Жабдуулар күнү-түнү тынымсыз иштеп ылдамдык ашыргандарды, тыюу салынган белгиге өткөндөрдү, жол белгилерин бузгандарды, жасалма номер таккандарды жана башка эреже бузууларды жаздырып турат.
Мындан сырткары, аталган жолдун ар беш чакырымында көчмө аппараттык-программалык комплекстер орнотулуп, "Автоураган" системасы менен жабдылган кайгуул кылуучу 7 автоунаа болот.