Жапаров Москвага шайлоо тууралуу сүйлөшүү үчүн барды деген кепти четке какты

Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Москвага болгон иш сапарында Россия лидери Владимир Путин менен шайлоо тууралуу сүйлөшкөн эмес. Бул тууралуу ал "Кабар" агенттигине курган маегинде айтты.
Өлкө башчыга "айрым маалымат булактары Москвага алдыдагы шайлоону макулдашуу үчүн барды деген божомолдорду айтышууда. Путин менен парламенттик шайлоо боюнча сөз болдубу?" деген суроо берилген.
Жапаров Россия президенти менен экономикалык кызматташтык, соода-сатык, мигранттардын маселелери боюнча сүйлөшкөнүн билдирди.
"Шайлоо — биздин ички саясий ишибиз. Качан жана кандай өткөрөрүбүздү эч ким менен кеңешпейбиз", – деген президент.
Жапаров менен Путиндин жолугушуусу. Талкууланган маселелер