Балыкчыны Лас-Вегас кылам деген. Жапаров жаңы мэр тууралуу үн катты

Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. —Sputnik. Президент Садыр Жапаров социалдык тармакта "мактанчаак, кызматтык этиканы бузган" деп кызуу талкуу жараткан Балыкчы шаарынын жаңы мэри Султан Кермалиев боюнча үн катты.

"Иш билги жигит экенин көрүп, Чолпон-Атага мэр болуп иштеп бер деп чакырсак, "мен Балыкчыга мэр болсом жакшы болот эле, Лас-Вегас кылат элем" дегенинен макул болдук. Албетте, мэр болгондон кийин мамлекеттик кызматтын этикасын сакташы керек болчу. Этиканы сактабаганын мен да көрдүм. Бирок эми этикасын оңдосок болот. Адам да, айбан эмес", — деди өлкө башчы "Кабарга" берген маегинде.

Жапаров, эң негизгиси, жаңы мэр таза, натыйжалуу иштеп бериши керектигин белгиледи.
Кечээ социалдык тармакта Балыкчынын мэринин “Serep TV” телеканалына берген маеги кызуу талкуу жараткан. Анда айрым колдонуучулар Керималиев аша чаап, мактанып жатканын айтса, айрымдары кызматтык этика болушу керектигин жазышкан.
Комуз түрүндөгү пирс менен Зевс, Посейдон статуяларынын автору Балыкчыга мэр болду