БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Дональд Трамп эми АКШнын казынасын Конгресстин уруксатысыз пайдалана аларын РИА Новости жазды.
Президент бир нече жаатта салыктык жана мамлекеттик чыгымдарды кыскарткан мыйзамга кол койгон. Документте коргонуу тармагына, мисалы, “Алтын купол” ракетадан коргонуу системасын түзүүгө чыгымды көбөйтүү сунушталат.
Каржылоону көзөмөлдөө Конгресстен Ак үйгө өткөндүгү үчүн палатанын спикери Трампка мамлекеттик чыгымдарды бекитүү укугунун атрибуттарынын бири болгон балканы ырымдап берди.
“Бул тарыхтагы эң маанилүү аскердик модернизация болот. Биринчисинде армиябызды бекемдеп алдык, эми баарын модернизациялап, куралдуу күчтөрүбүздү жакшылап күчтөндүрөбүз. Өлкө боюнча улуу “Алтын куполду” курабыз”, — деди Трамп.
Демократтар, Конгресттин бюджеттик башкармалыгы жана Илон Маск бул мыйзамдан улам бюджеттик дефицит пайда болуп, мамлекеттик карыз көбөйөрүн айтышууда. Буга чейин мамлекеттик карыздын чегин 5 триллион долларга жеткирүү чечими кабыл алынган.