БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Азербайжандын Ханкенди шаарында өтүп жаткан Экономикалык кызматташтык уюмунун 17-саммитинде чек арадан өтүү жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүп, тарифтерди унификациялоону, логистиканы санариптештирүүнү, ошондой эле деңизге чыга албаган өлкөлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Саммит "Ишенимдүү жана климаттык жактан туруктуу келечек үчүн Экономикалык кызматташтык уюмунун жаңы көз карашы" деп аталды.
Президент өз сөзүндө Кыргызстан ЭКУнун ишмердүүлүгүнө өзгөчө маани берерин, катышуучу өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүү зарылдыгын ырастай турганын белгилеген.
Мамлекет башчы экономиканын өнүгүшү климаттын өзгөрүшүнө өз ара тыгыз байланыштуу экенин белгилеп, бул эки фактор бири-бирине түздөн-түз таасир этерин көрсөттү.