Эми Шопоков шаарынын мэри кармалды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Шопоков шаарынын мэри Нурадил Станов коррупция боюнча кармалганын УКМКдан билдиришти.
Мэрия 2023-жылдан бери түрдүү товар алуу үчүн тендер өткөрүп жүргөн. Анда дайыма "Юниверсал сервис" жана "Матумба" компаниялары утуп келген.
Текшергенде ал уюмдар калаа башчысынын жана мэриянын сатып алуулар боюнча К.А.А. аттуу башкы адисинин классташтарына катталганы аныкталган. ЖЧКларды иш жүзүндө калаа жетекчиси менен аталган адис башкарып келгени маалым болгон.
К.А.А. көрсөтмөсүндө алар товар алган маалда бюджеттик акчаны өздөрүнө чыгарып, ал эми коррупциялык схема Становдун буйругу менен жасалып келгенин айткан.
Кылмыштын изин жабыш үчүн "Юниверсал сервис" ЖЧКсынын кагаз жүзүндө ээси болгон А.А.М. аттуу адамга ар бир сатып алуудан миң сомдон беш миң сомго чейин берип турушканы айтылды. Мунун жыйынтыгында мамлекетке 9 миллион сом зыян келтирилген.
Мындан тышкары, Станов жакын тууганын өзүнө айдоочу кылып алып, ошол эле маалда "Шопоков автоунаа" муниципалдык мекемесине ишке киргизип койгон. Ал тууганы бир маалда эки жактан айлык алып жүргөн.
Буга чейин Кара-Балта шаарынын мэри Мирлан Жекшенов да коррупцияга шектелип кармалган. УКМКдан кеп өткөн жылы калааны өнүктүрүүгө бөлүнгөн 1 миллиард сомдун сарпталышы боюнча болуп жатканын айтышкан
Токмок шаарынын мэри жана анын кол алдындагылар эки айга камакка алынды