БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. "ЭлКат" эл аралык байланыш оператору мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
"Сот мурдагы соттук чечимдерди жокко чыгарып, мамлекеттин мүлккө болгон укугун калыбына келтирди", — деп айтылат маалыматта.
Ишкана 5,8 миллиард сомго бааланган.