БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Бишкек ШИИББи ордо калаада "Нелегал" аталышындагы рейд жүргөнүн кабарлады.
Маалыматта иш-чара чет өлкөлүк жарандар көп чогулган курулуш объектилерин, тигүү цехтерин, кафелерди, базарларды жана турак жай кварталдарын камтыганы айтылат. Рейддин жүрүшүндө чет өлкөлүк жарандар арасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо, жергиликтүү каада-салты урматтоо жана борбор калаада коомдук тартипти сактоо зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
"Натыйжада Укук бузуулар кодексинин 431-беренесинин 1-бөлүгү ("Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында болуунун белгиленген тартибин, эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруунун же транзит менен өтүүнүн эрежелерин бузуусу") боюнча 681 чет өлкөлүк жаранга административдик протокол түзүлүп, 3 миллион 745 миң 500 сомго айып салынган", — дешти ШИИББден.