Буга чейин шектүүлөргө электрондук байкоо аркылуу мониторинг жүргүзүү киргизилген. Учурда пробацияда жүргөн 2000ге жакын жаран электрондук билерик тагынып жүрөт. Учурда Юстиция министрлиги үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу максатында ИИМ менен биргеликте мыйзам долбоорун демилгелеп, ал Жогорку Кеңеште каралууда.
“Ачык кеп” программасынын мейманы Алмазбек Зарылбек уулу программанын жүрүшүндө мыйзам долбоору менен тааныштырып, электрондук браслетти тагынуунун жол-жобосу, көзөмөл жана шектүүгө кандай чектөөлөр коюулары тууралуу айтып берди. Мыйзам долбоору боюнча электрондук браслетти тагынган шектүүнү көзөмөлдөө иши Юстиция министрлиги жүргүзгөнү менен шектүүнү аныктоо, шартты бузган учурда жоопко тартуу иши ИИМге жүктөлгөн.