Өлкөдө соңку жылдары сел, жер көчкү сындуу өзгөчө кырдаалдар көбөйдү. Муну менен катар климат өзгөрүп, табигый кырсыктардын көбөйүшү, технологиянын өнүгүшү сындуу нерселер да Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдына жаңы талаптарды коюуда. Бул жагдай өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана аларды так божомолдоо системасын заманбап деңгээлге көтөрүүнү талап кылууда.
Бүгүнкү “Спутниктен сүйлөйбүз” программасында биз дал ушул теманын тегерегинде сөз кылдык. Биздин суроолорубузга Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов жооп берди.