АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы Трамптын "көлөмдүү, кооз" документин кабыл алды

Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы президент Дональд Трамптын "көлөмдүү, кооз билль" деп көбүрөөк таанылган чыгым жана салык тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алып берди. Бул тууралуу NBC жазды.
Эми документ президентке жөнөтүлөт. Мыйзам долбоорунун кабыл алынышына 218 конгрессмен макул болсо, 214ү каршы чыккан.
Буга чейин АКШ Сенаты өлкөнүн мамлекеттик карызынын чегин 5 триллион долларга көтөрүү каралган мыйзам долбоорун колдоп берген. Документте бир катар социалдык программаларды кыскартуу, аскердик чыгымды көбөйтүү каралып, Трамптын биринчи президенттик мөөнөтүндө киргизилген салык жеңилдиктери сакталган.
Май айында Конгресстин төмөнкү палатасы мыйзам долбоорунун алгачкы версиясын колдоп берген, ал эми 3-июлда өзгөртүүлөр киргизилип, жаңыртылган вариантын кабыл алган. Парламенттин бюджеттик башкармалыгынын баасы боюнча документ күчүнө киргенден кийин улуттук карыз он жыл ичинде 3,3 триллион долларга көбөйүп, 12 миллион америкалык жаранды медициналык камсыздандыруудан ажыратышы мүмкүн.
Дал ушул мыйзам долбоору Трамп менен Илон Масктын ортосуна чок салды. Миллиардер документти "жийиркеничтүү" деп атап, колдогон конгрессмендерди уяткарган болчу. Масктын айтымында, мыйзам бюджет таңсыктыгын азайткандын ордуна кыйла көбөйтүп жиберет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Россияга каршы санкция эмнеге токтоп калышы керек". Сенаторлор иликтөө баштады