БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Ош калаасында заманбап парк салына баштаганын мэриядан билдиришти.
Бул жай Насирдин Исанов атындагы көчөдө 2,6 гектарга жайгаша турган болду. Иштин жүрүшүн мэр Жеңишбек Токторбаев өзү көзөмөлдөп жатканы айтылды.
Ал жерге төмөнкү объектилер түшмөкчү:
156 автоунаа сыя турган үч кабаттуу токтотмо жай;
коомдук тамактануу жайлары;
футболдук чакан аянттар;
заманбап ажатканалар;
кире бериш жерине кооздолгон арка коюлмакчы.
Учурда сейил жайга сугаруучу система орнотуп, кишилер басчу жерге таш тамандар төшөлүп жатат.