Минскиликтер азапка баткан. Шаарды фашисттерден бошоткон 1944-жылдагы видео

Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Улуу Ата Мекендик согуштун учурунда, тагыраагы, 1944-жылдын 3-июлунда советтик аскерлер Беларустун борборун немецтик-фашисттик баскынчылардан бошоткон.
Кан төгүлүп, өмүрлөр учкан.
Советтер Союзунун маршалы, Советтер Союзунун төрт жолку баатыры Георгий Жуков ал кезде ар бир операцияны дыкаттык менен карап, көз салып, өткөрүп турган өтө маанилүү кол башчылардын бири эле.
Маршалдын эскерүүсү ал кездин картинасын көз алдыга толук тартып берет.
"Минск шаары таанылбай калган. Жети жыл ал калаадагы бригада менен полкто командачылык кылдым. Ар бир имаратын, маанилүү жайларын, көпүрөлөрүн, сейил бактарын, стадиондорун, театрларды жакшы билчүмүн. Анын баары уранды алдында калган. Турак жай кварталдары топуракка айланып, топону тоз болгон", — деп айтып берген.
Кол башчы азапты эл тартканын айткан.
"Жанды кейиткени — Минскинин жашоочуларынын кордолгону, кор болгону эле. Арыктап, жедеп кыйналып бүтүшкөн", — деп эскерген ал.
Брестте тогуз миң жоокер ач-ток калып салгылашкан. Тарыхый ирмемдер