Кыргызстанда чыгарылган трансформаторлор ЕАЭБден ары Исландияга чейин сатылат

Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Кыргызстанда чыгарылган трансформаторлор тогуз мамлекетке экспорттоло турганын Статистика комитети билдирди.
Республика быйыл төрт айда 4 450 электр трансформаторун саткан.
Кардар өлкөлөр:
Россия — 4054 даана;
Казакстан — 213;
БАЭ — 60;
Өзбекстан — 50;
Гонконг — 33;
Исландия — 32;
Түркия — 6;
Польша — 1;
Беларусь — 1.
Негизги кардар болуп ЕАЭБ өлкөлөрү эсептелет.
Кыргызстан атырдын экспортун 86 эсеге көбөйттү. Негизги кардар — ЕАЭБ өлкөлөрү