БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Кыргызстанда туристтик милиция кызматкерлеринин 50 пайызга жакыны англис тилин билет. Бул тууралуу ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Максатбек Кылычев Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, туристтик-экология милициясына жумушка кабыл алууда чет тилдерин билгендерге артыкчылык берилет.
"Бул бөлүмдүн милиционерлеринин болжол менен 50 пайызы чет тилдерин билишет. Кыргызстанда жалпы жонунан бул багытта 200дөн ашык кызматкер иштейт", — деди Кылычев.
Турмилицияда араб, түрк, немец тилдерин билгендер дагы бар экени кошумчаланды.